Заводдо Техникалык көзөмөлдөө бөлүмү (ТКБ) иштейт.

Завод өндүрүштүк кубаттуулукту тынбай жогорулатууда – заманбап технологияларын колдонот, жарандык жана өнөржай курулушу үчун жаңы продукцияларды өздөштүрүүдө. Иш процесстерин максималдуу механизациялоону камсыз кылуу үчүн технологиялык жабдуулар комплекстүү – механизацияланган линияларга топтоштурулган. Ишкананын ийгиликтери чыгарыла турган буюмдарын сапатын жогорулатууга көңүл буруу менен шартталган. Бардык продукциялар Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик курулушу тарабынан бекитилген сапаттын колдонуудагы стандарттарынын негизинде чыгарылат. Металлоформалардын, жабдуулардын жана технологиялык жабдыктардын абалы тынбай көзөмөлгө алынып турат. “Таш-Темир” ААК сапаттуу гана материалдарды пайдаланат жана ошого жараша кайсы болбосун татаалдыктагы буюртмаларды ишеничтүү кабыл алып, жасап берет

Ал эми ишкананын өзүндө болсо өзүнүн аттестацияланган лабороториясы иштейт, көзөмөлдү буза албаган электрондук приболор кабыл алынат. Заводдун лабораториялары жана техникалык көзөмөл бөлүмү бардык тиешелүү техникалык адабияттар жана техникалык документациялар менен камсыз болгон (ГОСТы, ТУ, СНиПы).
Whatsapp