Компания социалдык жоопкерчилик элементтерге да көнүл бурат, бул деген ишкананын жумушчуларынын, шаардыктардын жана өлкөнүн жарандарынын алдындагы белгилүү милдеттенмени билдирет. Биздин компания  бизнести пайда алыш үчүн эле жүргүзбөстөн, курчап турган чөйрө үчүн  жамааттык жоопкерчиликти дагы өзүнө алат.    Ишкана социалдык жоопкерчиликтен качпаган калган бардык бирдей шарттарында керектөөчүлөрдүн жана өнөктөштөрдүн ишениимне ээ болууда. Мына ушундан  улам утушка да ээ болууда!

Мындай ишканалардын арасында “Таш-Темир” ААК дагы бар.  Таш-Темир” ААК компаниясы өзүнүн  кызматкерлери менен кызматкерлеринин ортосунда бардык социалдык багыт боюнча саясатты активдүү жүргүзүп жатат, бул жерде дурус жана убагында берилген айлык акы,  мыйзамдуу иш тартиби, дем алуу жана башка социалдык маселелер, демек бул багытта эч бир маселе жок десе болот. Кесиптик кошуун уюму иштейт жана бардык жумушчулар ага мүчө болуп саналышат.

Таш-Темир ААК  социалдык багытта жигердүү иштеп жатат жана  ишкана  маданият, спорт, кайра калыбына келтирүү, көркөм баалуулуктарды жана эстеликтерди  сактоо сыяктуу коомдук турмушка демөөрчүлүгүн көрсөтүп турат.

Мындай учурларды колдоо программасы балдар үйүнүн, интернаттардын  тарбиялануучуларына, ардагерлер жана майыптар уюмдарына, жакыр үй-бүлөлөргө жана калктын социалдык корголбогон катмарына жардам беруу чарасын көрүп келет.

Кызматкерлер арасында спорттук мелдештерди жана сергек жашоону уюштуруунун чегинде,  Компаниянын стол тенниси боюнча Компания спорттук мелдешти уюштуруп турат, футболдук секцияга катышууга каражаттарды бөлүп турат жана шаардын дагы спорттук уюмдарына демөөр болуп турат.

Улуу Ата Мекендик согуштун катышучуларына, оорукта иштегендерге, ардактуу эс алуудагыларга Башкарма, кесиптик кошуун комитети көңүл буруп турат. Ишкана  кесиптик кошуун комитетинин жардамы менен “Жеңиш күнүнүн” алдында, пенсионерлерге, “Кары адамдар күнүнүн” урматына үйлөрүнө баруу менен жардам көрсөтүп турат.

«Таш-Темир» ААК Пак Артур Николаевичтин жетекчилиги астында жаш кадрларды тартууга күч аракетти жумшоо менен аларга колдоо көрсөтүүдө. Компания жаш адистерди даярдоого көңүл өз буруу менен, билим берүү мекемелери менен тыгыз кызматташууда.

Албетте, берешендик кылуу деле колдон келет. Балдар – кайсы болбосун коомдо жана бардык учурда эң башкы орунда. «Таш-Темир» ААК ишкананын жумушчуларынын балдарына кам көрүп турат жана балдар майрамдарын уюштуруп турат. Жай мезгилинин башталышы  дүйнө жүзүндө эң сонун, кубанычтуу майрам-Балдарды коргоо күнү менен коштолот. Пак Артур Николаевич ишканадагы салтты улантуу менен жыл сайын кесиптик кошуун уюму менен бирге  балдарга эң сонун майрамды, цирк артисттеринин, куурчак театрынын артистеринин оюунун, ар кандай сынактарды, оюндарды уюштуруп, балдарды белектер менен кубандырат. Балдар – бизде болгон эң башкы баалуулук. Ал эми кышкысын Аяз атанын жана аяз кыздын катышуусу менен белектер тапшырылган шаан-шөкөттөр уюштурулуп турат.

Саламаттыкты сактоо максатында «Саламат улут-Күчтүү Кыргызстан», республикалык программаны эске алуу менен, кызматкерлерге жана алардын балдарына жакшы көңүл бурулат.  Кесиптик кошуун уюму менен бирге, балдарга  жайкы мезгилде Ысык-Көл жээгиндеги лагерлерде  акысыз эс алуулар жана алардын ата-энелерине жеңилдик жолдомо менен эс алуулары уюштурулат.

Ал эми эмгек жамаатынын кооз жерлерге жана Ысык-Көл жээгине  барып эс алууларына каражаттар бөлүнүп турат. Ошондой эле, балык тутууну каалагандарга да колдоо болуп турат. Биздин жаш адистер  Чолпон-Ата шаарында өткөрүлүп туруучу курулушчулардын жана өнөржай курулуш материалдар кесиптик кошуунун жаштар форумуна да катышып турушат.

Кыргыз Республикасынын  эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин шаардык башкармалыгынын GIZ эларалык кызматташуу боюнча Германия коому менен бирге “Кесиптик техникалык билим берүү жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү” программасы боюнча уюштурулган семинарларга Казакстан Республикасынын Астана шаарына баруу менен активдүү катышып турабыз.

Кесиптик кошуун  комитети Башкарма менен бирдикте  8-март, «Курулушчулардын күнү», «Эгемендүүлүк күнү», «Ата мекенди коргоо күнү» майрамдарына арналган иш-чараларды уюштуруп, өткөрүп турат.

Цехтердин жамааттарынын ортосунда  мыкты  кесиптик кошуун уюмуна карата сынак, цехтер арасында айлана-тегеректи көрктөндүрүү, имараттарды тазалоо боюна сынак өткөрүлүп турат жана сынактын жыйынтыгында баалуу белектер жана акчалай сыйлыктар берилет.

Whatsapp