Спорт — биздин биримдиктин күчү: «Таш-Темирде» спорттук дух жана сергек жашоо образы
«Таш-Темир» ААК өндүрүштө гана эмес, спорт аянтчасында да корпоративдик атмосфераны колдойт!
Биздин кызматкерлер үчүн спорт — бул бир жолку иш-чара эмес, жашоонун маанилүү бир бөлүгү. Ишканабызда дени сак жашоо образын жайылтуу жана командалык духту көтөрүү максатында спортко жана дене тарбияга өзгөчө көңүл бурулуп келет.
Биздин жамаат жума сайын футбол талаасында жолугуп, өз ара достук маанайда оюн өткөрүп турушат. Бул расмий мелдеш эмес, жөн гана кесиптештердин башын бириктирген, позитивдүү маанай тартуулаган жана ички ынтымакты бекемдеген жакшы салтка айланды. Катуу жумуш жумасынан кийинки мындай жолугушуулар кызматкерлердин психологиялык жактан эс алуусуна шарт түзөт.
Мындан тышкары, кызматкерлерибиздин физикалык формасын жана дене тарбиясын чыңдоосу үчүн тренажёрдук зал дайыма ачык. Туруктуу машыгуулар жумуштан тышкары убакта сергек болууга, күнүмдүк стресстен арылууга жана өз ара түшүнүшүүнү арттырууга көмөктөшөт.
«Таш-Темир» үчүн спорт — бул жамааттагы корпоративдик атмосфераны чыңдоого, бирдиктүү баалуулуктарды бекемдөөгө жана кызматкерлердин биримдигин арттырууга өбөлгө түзгөн мыкты мүмкүнчүлүк.
Өндүрүштө да, спортто да алдынкы катарда болуп, сергек жашоону тандаган кызматкерлерибиз менен сыймыктанабыз. Алар күчтүү, активдүү жана ынтымактуу жамаатты калыптандырууга күн сайын өз салымын кошуп жатышат.
Жамаатыбызга бекем ден соолук, сергектик жана кезектеги апталык достук оюндарыбызга жагымдуу маанай каалайбыз!

29.10.2026